«Биримдик кербени» долбоору расмий түрдө Ош облусунда башталды. Апшыр-Ата ыйык булагынан алынган суу жалпы көөкөргө куюлуп, Кыргызстан аймактары боюнча сапарын улантат.
2026-жылдагы Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндарынын ачылыш аземинде өлкөнүн бардык аймактарынан чогултулган суулар бир көөкөргө биригип, Кыргызстандын элинин биримдигинин, достугунун жана жалпы мурасынын символу болот.
Иш-чарага долбоордун расмий өнөктөштөрү да активдүү катышты. Алардын катарында VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий банкы болгон А-Банк да бар.



