7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ысык-Көлдө эс алуу жайларына 767 миң сом айып салынды

282
Ысык-Көл облусундагы бир катар эс алуу жайларында пландан тышкаркы текшерүү иштери жүргүзүлүп, анын жыйынтыгында 54 административдик протокол түзүлдү. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги билдирди.
Маалым болгондой, экологиялык рейд министрликке караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы жана Бишкек экологиялык прокуратурасы тарабынан биргелешип уюштурулган.
Түзүлгөн протоколдордун негизинде 767 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды жана аныкталган бузууларды ыкчам түрдө жоюу туурасында милдеттенмелер берилди.
Белгиленгендей, мындан тышкары башка эс алуу жайлары боюнча Экономика министрлигинин тиешелүү макулдугу алынгандан кийин пландан тышкаркы текшерүү иштери жүргүзүлөт.
283