Түндүк–Түштүк альтернативдүү унаа жолунун 318-чакырымында жайгашкан «Көк-Арт» төлөм алуу пункту ишке кирди. Бул тууралуу Транспорт министрлиги билдирди.
Төлөм накталай эмес тартипте гана жүргүзүлөт. Айдоочулар төлөмдү QR-код, банктык карта жана башка электрондук төлөм каражаттары аркылуу жүргүзө алышат.
Түндүк–Түштүк альтернативдүү унаа жолу өлкөбүздүн маанилүү стратегиялык жолдорунун бири. Анын курамындагы «Көк-Арт» туннели Кыргызстандагы эң узун автомобиль туннели болуп, узундугу 3 чакырым 890 метрди түзөт.
Мындай ири инженердик курулушту үзгүлтүксүз тейлеп туруу чоң чыгымды талап кылат. Туннелди күнү-түнү жарыктандыруу, желдетүү системалары, видеокөзөмөл, өрт коопсуздугу жабдуулары, авариялык байланыш каражаттары жана башка инженердик системалар үзгүлтүксүз иштеп турушу зарыл.
- жеңил автоунаалар — 100 сом, чет өлкөлүк жана транзиттик автоунаалар үчүн — 200 сом;
- 5 тоннага чейинки кичи автобустар — 250 сом, чет өлкөлүк жана транзиттиктер — 1000 сом;
- 3,5 тоннага чейинки жүк ташуучу автокөлүктөр жана тракторлор — 250 сом, чет өлкөлүк жана транзиттиктер — 1000 сом;
- автобустар жана 3,5–12 тонна жүк ташуучу машиналар — 500 сом, чет өлкөлүк жана транзиттиктерге — 1500 сом;
- 12 тоннадан жогору жүк ташуучу автоунаалар — 700 сом, чет өлкөлүк жана транзиттиктер — 3000 сом;
- чиркегичтүү жана ири көлөмдөгү жүк ташуучу автоунаалар — 1000 сом, чет өлкөлүк жана транзиттиктерге — 5000 сом.
Посмотреть эту публикацию в Instagram



