7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Футбол-2026: Дүйнө чемпионатынын жарым финалына чыккан командалар аныкталды

19

Футбол боюнча дүйнө чемпионатынын жарым финалына чыккан командалар белгилүү болду.

Чемпионаттын расмий маалыматына ылайык, жарым финалда Франция, Испания, Англия жана Аргентина күч сынашат.

14-июлда Франция менен Испания беттешсе, 15-июлда Англия менен Аргентина финалга жолдомо үчүн таймашат.

Үчүнчү орун үчүн оюн 18-июлда АКШнын Майами шаарында өтөт. Ал эми чемпионду аныктай турган финалдык беттеш 19-июлда АКШнын Ист-Ратерфорд шаарындагы «MetLife Stadium» стадионунда болот. Арена 82 500 көрүүчүгө ылайыкталган.

Быйылкы дүйнө чемпионатынын жалпы байге фонду 650 миллион долларды түзөт. Чемпион болгон команда болжол менен 62 миллион доллар сыйлык алат.

Эске салсак, учурдагы дүйнө чемпиону- Аргентина. Ал эми быйылкы дүйнө чемпионаты АКШ, Мексика жана Канадада биргелешип өтүүдө.

20