7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ат-Башыда балыкты ток менен уулады деген чет элдиктер аныкталып, милицияга жеткирилди

257

Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясы социалдык тармактарда тараган мыйзамсыз балык уулоо тууралуу видеого байланыштуу түшүндүрмө берди.

Эске салсак, кечээ Арпа жайлоосунда чет өлкөнүн жарандары мыйзамсыз балык уулап жатканы боюнча видео тарап, жергиликтүү тургундар бийликке кайрылган.

Райондук милиция алардын ким экенин аныктап, Ат-Башы РИИБдин тергөө кызматына жеткиришкенин облустук ИИБ кабарлады.

Маалыматка ылайык, чет элдиктер автоунаасынын капталындагы жазууларды сыйрып, мамлекеттик номерин алып коюшкан. Унаа айып короого киргизилип, териштирүү жүрүп жатат.

258