Менин шаарым» тиркемесинде «Түнкү каттамдар» кызматы ишке кирди
«Санариптик технологиялар борбору» жаңы санариптик кызматты ишке киргизди. Бул тууралуу мэрия билдирди.
Маалым болгондой, эми «Менин шаарым» мобилдик тиркемесинде «Түнкү каттамдар» функциясы жеткиликтүү. Ал аркылуу колдонуучулар түнкү убакта каттаган коомдук транспорт тууралуу маалыматты ыкчам алып, өзүнө ылайыктуу маршрутту тандай алышат.
Учурда түнкү каттамдарды №3, №13, №16, №19, №35, №45 жана №55 автобустары аткарат.
Жаңы функция кеч же түн ортосунда үйүнө кайткандарга, түнкү нөөмөттө иштегендерге, жакындарын тосуп же узаткандарга, ошондой эле каттамын алдын ала пландаштырууну каалаган шаар тургундары жана коноктору үчүн ыңгайлуу.
Кызматты колдонуу үчүн «Менин шаарым» тиркемесиндеги «Транспорт» бөлүмүнө кирип, андан соң «Түнкү каттамдар» функциясын тандоо жетиштүү.
Жекшембиде өлкөнүн айрым аймактарында туман тушөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди. Абанын температурасы Таласта 15…20, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен чөлкөмдөрүндө 16…21,
Кечээ, 20-ноябрда “Тазалык” ишканасынын кызматкерлери 1479 тонна таштанды чыгарышты. Анын 1281 тоннасы — катуу тиричилик калдыктары, 198 тоннасы — ири
Бүгүн, 21-ноябрь саат 12:00 чамасында Алай РИИБге денесинен алган жаракаттарынан улам каза болгон жаран тууралуу маалымат түшкөн. Факт катталып, окуя
Бишкекте таштанды чыгаруу акциясынын биринчи күнүндө 198 тонна таштанды чыгарылды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалыматка ылайык, кечээ, 20-ноябрда шаарда таштандыларды
Бүгүн, 21-ноябрда республиканын аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы:
Базар-Коргон районуна караштуу Жаңы-Абад айылында социалдык шаарча пайдаланууга берилди. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Социалдык шаарчанын курамына 120 орундуу