7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Чет элдик номерлүү унааларды кошумча легалдаштыруу башталды

11

Президенттин жарлыгын аткаруунун алкагында Министрлер кабинети чет өлкөлүк мамлекеттик номерлери бар транспорт каражаттарын кошумча легалдаштыруу тартибин бекитти.

«Унаа» мамлекеттик мекемесинин маалыматына ылайык, бул бир жолку өзгөчө чара болуп саналат. Легалдаштыруу 2026-жылдын 10-июлунан 1-сентябрына чейин жүргүзүлөт жана мөөнөтү узартылбайт.

Легалдаштырууга 2024-жылдын 31-декабрына чейин Кыргызстанга алып келинип, бирок катталбай калган М1, М1G, М2, М2G, N1, N1G жана N2 категориясындагы чет өлкөлүк номерлүү унаалар кабыл алынат. Бир жаран өз атына бир гана транспорт каражатын каттата алат.

Ал эми 2024-жылдын 31-декабрынан кийин өлкөгө киргизилген, бажы чектөөсү бар же убактылуу алып келинген, рулу оңдон солго которулган, издөөдө жүргөн же конструкциясына мыйзамсыз өзгөртүү киргизилген унаалар легалдаштырылбайт.

Легалдаштыруу акысы кыймылдаткычтын көлөмүнө жараша белгиленген:

  • 200 кубга чейин-50 миң сом;
  • 200 кубдан жогору-100 миң сом;
  • электромобилдер-50 миң сом.

Мындай унааларга «10» аймактык коду бар мамлекеттик номерлер берилет. Бирок аларды сатууга, Кыргызстандын аймагынан сырткары алып чыгууга жана башкаруу укугун үчүнчү жактарга өткөрүп берүүгө тыюу салынат.

Бишкек шаары боюнча даректер:

  • Аймактар аралык бөлүм (Риом автоунаа базары);
  • Бишкек шаардык бөлүмү («Аю Гранд» соода борбору);
  • «Биримдик-24» бөлүмү (Биримдик-Кут жаңы конушу).

Документтер Мамлекеттик каттоо борборунун бардык аймактык бөлүмдөрүндө кабыл алынат. Жарандарга документтерин алдын ала даярдап, 1-сентябрга чейин кайрылуу сунушталууда.

12