7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Июнь айында 90 курулуш объектиси текшерилди

271
Июнь айында институт тарабынан 90 объекттин техникалык корутундусу берилди. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди.
Маалым болгондой,  жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институту 2026-жылдын июнь айында өлкө аймагындагы 90 курулуш объектисине техникалык корутунду берди.
Берилген техникалык корутундулар курулуш объектилеринин сейсмикалык туруштуулугун баалоого, ошондой эле долбоордук чечимдердин коопсуздук талаптарына жана колдонуудагы техникалык ченемдерге шайкештигин аныктоого багытталган.
Изилдөө жана баалоо иштеринин алкагында ар кандай багыттагы объектилер, анын ичинде социалдык инфраструктурага тиешелүү имараттар да камтылды.
Белгилей кетсек, техникалык корутунду берүүдө институттун адистери учурдагы имараттардын техникалык абалына баа берип, аларды реконструкциялоо же андан ары пайдалануу мүмкүнчүлүктөрү боюнча тиешелүү корутундуларды чыгарат.
272