7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кызыл-Сууда 102 млн сомго жаңы мектептин курулушу жүрүүдө

42

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Кызыл-Суу айылында Э. Гапаров атындагы 275 орундуу жаңы мектептин курулушу уланууда.

Долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, анын жалпы наркы 102 миллион сомду түзөт. Курулуш иштери 2024-жылдын октябрь айында башталган.

Долбоорго ылайык, мектеп эки кабаттуу заманбап имарат болуп, анда лабораториялар, китепкана, ашкана, компьютердик класс, жыйындар залы жана спорт залы жайгашат.

Имараттын жалпы аянты 1 596 чарчы метрди түзөт. Учурда мектептин терезелери толугу менен орнотулуп, ички жана тышкы курулуш-монтаждоо иштери жүргүзүлүүдө.

Курулуштун жүрүшү жана сапаты Курулуш министрлигине караштуу Турак жай-жарандык курулуш департаменти тарабынан көзөмөлдөнүп жатат.

43