Бишкек экологиялык прокуратурасы Ысык-Көл районунда жүргүзгөн текшерүүнүн жыйынтыгында экологиялык мыйзамдарды бузуу фактыларын аныктады. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.
Маалыматка ылайык, Чолпон-Ата шаарындагы жана Бостери айылындагы туристтик эс алуу жайларында тазалоочу курулмалардын санитардык-коргоо зоналарына мыйзамсыз курулуш жүргүзүүгө уруксат берилгени белгилүү болгон.
Тактап айтканда, Ысык-Көл райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын жооптуу кызматкерлери санитардык-коргоо зонасынын ичинде курулуш иштерин жүргүзүүгө мыйзамсыз шаар куруу корутундуларын беришкен.
Аталган фактылар боюнча «Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу» беренеси менен кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатат.
Мындан тышкары, тазалоочу курулмалардын аймагында мыйзамсыз курулган 30 объект боюнча мыйзам чегинде чара көрүү үчүн тиешелүү мамлекеттик органдарга прокурордук акт түзүлдү.



