Ооганстандын Улуттук коопсуздук башкармалыгынын башчысы Ахмад Зия Сараж «Ислам мамлекети» террорчул тобунун 408 мүчөсү абакта отурганын билдирди.
Маалыматка ылайык алар кезинде Ооганстанга ар кайсы тараптан келип, согушчулдардын катарында же болбосо мыйзамсыз куралдуу жалданма топтордун арасында жүрүп камакка алынган 14 мамлекеттин жарандары. Ахмат Зия Сараж учурда ал өлкөлөр менен сүйлошүүлөр жүрүп жатканын айткан.
«Ислам мамлекети» тобунун мүчөсү делип абакта отурган 408 жарандын 299у Пакистандан баргандар. Өзбекстандан 37, Тажикстандан 13 жана Кыргызстандан 12 жараны бар.
Мындан сырткары Түркиянын, Орусиянын, Кытайдын, Ирандын, Иорданиянын, Бангладештин, Индиянын жана Алжирдин жарандары бар экени айтылган.