Бишкек электр энергиясын эң көп керектеген шаар болду. Бул тууралуу Энергетика министри Алтынбек Рысбеков билдирди.
Маалым болгондой, 20-июлда өлкө боюнча электр энергиясын керектөө 2350 мегаватты түзгөн. Анын 650 мегаватты Бишкек шаарына туура келген.
Министр борбор калаада электр энергиясын эң көп колдонгон убакытты так аныктоо кыйын болгондуктан, жарыкты өчүрүү боюнча график түзүү татаал экенин белгиледи.
Ал эми аймактарда күз-кыш мезгилине даярдык көрүү иштеринин алкагында алдын ала түзүлгөн график боюнча убактылуу чектөөлөр киргизилип жатканын айтты.



