7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президент: Инвестициялык долбоорлор үчүн берилген жерлер өлкө аймагынын 0,1 пайызынан ашпайт

182

Президент Садыр Жапаров инвестициялык долбоорлор үчүн берилген жерлер боюнча түшүндүрмө берип, алардын жалпы аянты Кыргызстандын аймагынын 0,1 пайызынан ашпай турганын билдирди.

Анын айтымында, бул жерлерге завод-фабрикалар, логистикалык борборлор, энергетикалык объектилер, туристтик комплекстер жана башка өндүрүш ишканалары курулушу керек болчу. Бирок айрым учурларда жерлер максатсыз пайдаланылып, 49 жылга ижарага алынган айрым тилкелерде курулуш иштери жүргүзүлгөн эмес.

Мамлекет башчысы жерлерди жөнгө салуу үчүн мыйзамдарды кайра карап чыгуу сунушталып жатканын белгиледи. Ага ылайык, жер алган инвестор аны көрсөтүлгөн багыты боюнча пайдаланып, белгиленген мөөнөттө объект куруп, инвестиция салып, жумуш орундарын түзүүгө милдеттүү болот.

Милдеттенмелер аткарылбаса, келишим токтотулуп, жер мамлекетке кайтарылып, аны натыйжалуу иштете турган инвесторго берилери айтылды.

Президент «Кыргызстандын жери сатылып жатат» деген маалыматтар чындыкка дал келбей турганын белгилеп, максат- жерлерди өлкөнүн өнүгүүсүнө кызмат кыла тургандай пайдалануу экенин айтты.

183