Кыргызстандык балбан Мээрим Жуманазарова Дүйнөлүк күрөш уюмунун (UWW) жаңыланган рейтингинде 5-орунга чыкты.
Рейтинг Венгрияда 19-июлда аяктаган эл аралык турнирдин жыйынтыгынан кийин жаңыртылды.
Будапешт шаарындагы мелдеште Мээрим Жуманазарова 2-орунду ээлеп, күмүш медалга ээ болгон. Бул ийгилик ага дүйнөлүк рейтингдеги ТОП-5ке кайрадан кайтып келүүгө мүмкүнчүлүк берди.



