Кыргызстан Арашан породасындагы 169 баш асыл тукум койдун алгачкы партиясын Өзбекстанга экспорттоду. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди.
Министрликтин маалыматына ылайык, асыл тукум койлордун экспорттолушу коомчулукта талкуу жаратканына байланыштуу министрдин биринчи орун басары Илич Марсбек уулу түшүндүрмө берди.
Анын айтымында, асыл тукум малды экспорттоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт. Экспорттолгон ар бир баш асыл тукум мал үчүн мамлекеттик бюджетке 17 миңден 20 миң сомго чейин тиешелүү төлөм түшөт.
Министрлик ошондой эле учурда Кыргызстанда товардык багыттагы койлорду экспорттоого убактылуу чектөө күчүндө экенин эске салды. Бул чара ички рынокто эттин баасынын туруктуулугун камсыздоо максатында киргизилген.
Ошол эле учурда Арашан породасындагы асыл тукум койлордун экспорту ички рыноктогу эттин баасына таасир этпей турганы белгиленди. Анткени бул жогорку генетикалык баалуулукка ээ асыл тукум мал болуп саналат жана аны өстүрүү, селекциялоо, экспортко даярдоо чоң чыгымдарды талап кылат.
Министрликтин маалыматына караганда, мындай экспорт асыл тукум мал чарбачылыгын өнүктүрүүгө, өлкөнүн экспорттук мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүгө жана мамлекеттик бюджетке кошумча киреше алып келүүгө өбөлгө түзөт.



