7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Тергөө тарабынан жарандарга карата күч колдонгон бир катар фактылар аныкталды

146
Массалык баш аламандыктарга чакырыктар боюнча козголгон кылмыш ишин иликтөөнүн алкагында шектүүнүн мыйзамга каршы аракеттеринин кошумча фактылары аныкталды. Бул тууралуу ИИМден билдирди.
Буга чейин ички иштер органдары тарабынан 2003-жылы туулган О.А. аттуу жарандын социалдык тармактар аркылуу мыйзамсыз митингдерди уюштурууга жана массалык баш аламандыктарга чакырыктарды жайылтуу менен алектенген мыйзамсыз аракеттери токтотулганы маалымдалган.
Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 3-бөлүгү менен кылмыш иши козголгон. Кылмыш ишин тергөөнүн алкагында шектүүнүн мыйзамга каршы аракеттеринин кошумча фактылары аныкталды.
Тергөө тарабынан 2025–2026-жылдары кеминде төрт эпизод аныкталган. Анда шектүү башка жарандарга карата күч колдонуу учурларын видеого тартып жүргөнү белгилүү болду. Тергөө материалдарына ылайык, жабырлануучулар сабалган, ар-намысы жана кадыр-баркы басмырланып, эл алдында кечирим суроого мажбурланган. Үч эпизод боюнча жабырлануучулардын өздүгү такталып, зарыл болгон тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө. Дагы бир факты боюнча жабырлануучу кыздын өздүгүн жана окуянын бардык жагдайларын аныктоо боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө. Учурда кылмыш иши боюнча тергөө уланууда.
Ошондой эле тергөө тарабынан шектүүнүн башка дагы мыйзамга каршы аракеттерге тиешеси бар же жогу текшерилүүдө. Аныкталган ар бир фактыга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык өзүнчө укуктук баа берилет.
147