7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Караколдогу жаңыланган пляж пайдаланууга берилди

247

Каракол шаарындагы жаңыланган пляж расмий түрдө пайдаланууга берилди. Бул тууралуу шаардык мэрия билдирди.

Пляж «Shirshov Фонд» коомдук фондунун каржылык колдоосу менен толугу менен реконструкцияланган. Долбоордун алкагында көлдүн жээги тазаланып, жаңы кум төшөлгөн. Ошондой эле эс алуучулар үчүн сейилдөө аймактары, чайкануучу кабиналар, кийим алмаштыруучу жайлар, балдар жана спорт аянтчалары курулган. Мындан сырткары, аймак жарыктандырылып, коопсуздукту камсыздоо максатында видеокөзөмөл камералары орнотулган.

Каракол шаарынын мэри Талантбек Иманов бул долбоорду ишке ашырууга салым кошкон фонддун өкүлдөрүнө, куруучуларга, долбоорлоочуларга жана муниципалдык кызматкерлерге ыраазычылык билдирди.

Ошондой эле ал муниципалитет «Shirshov Фонд» менен биргеликте келечекте мектептерди, бала бакчаларды, парктарды жана башка коомдук жайларды курууну пландап жатканын белгиледи.

Маалыматка ылайык, «Shirshov Фонд» Каракол шаарын өнүктүрүүгө жалпысынан 7 миллиард сомго жакын инвестиция салууну көздөп жатат.

248