7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Путин мигранттарга коюлган талапты катуулаткан мыйзамга кол койду

237

Россиянын президенти Владимир Путин чет өлкөлүк жарандардын өлкөдө жүрүүсүнө байланыштуу талаптарды катаалдаштырган жаңы мыйзамдарга кол койду.

Жаңы тартипке ылайык, мигранттын баласынын Россияда мыйзамдуу жүрүү мөөнөтү эми ата-энесинин эмгек патентинин мөөнөтүнө түздөн-түз байланыштуу болот. Эгер патенттин мөөнөтү узартылбаса же жокко чыгарылса, ата-эне балдары менен кошо 15 күндүн ичинде өлкөдөн чыгып кетүүгө милдеттүү. Ошондой эле бала 18 жашка толгондон кийин Россиядан чыгып кетиши же өз алдынча патент алышы керек.

Мындан тышкары, чет өлкөлүк жарандар белгиленген эң төмөнкү деңгээлден кем эмес киреше алып жатканын тастыктап турууга милдеттендирилет. Эгер мигранттын кирешеси белгиленген чектен төмөн болуп калса, иш берүүчү менен түзүлгөн эмгек келишими токтотулуп, анын Россияда мыйзамдуу жүрүү мөөнөтү кыскарышы мүмкүн.

Бул талаптардын аткарылышын көзөмөлдөө үчүн Россиянын Салык кызматы менен Социалдык фонду мигранттардын иши жана кирешеси тууралуу маалыматтарды Ички иштер министрлигине үзгүлтүксүз өткөрүп турат.

238