7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Мас айдоочуларга каршы мыйзам күчөдү: бир айда 1,5 миңден ашуун факты катталды

241

Кыргызстанда мас абалда унаа башкарган айдоочуларга карата жоопкерчиликти күчөткөн мыйзам күчүнө киргенден кийинки бир ай ичинде 1,5 миңден ашуун мыйзам бузуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди.

Эске салсак, 2026-жылдын 20-июнунан тарта мас абалда унаа башкарган айдоочуларга карата жазаны катаалдаштырган мыйзамдагы өзгөртүүлөр күчүнө кирген.

Жаңы талаптарга ылайык, мас абалда унаа башкарган айдоочу 2 жылга айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратылып, 80 миң сом айып пул төлөйт.

Ошондой эле мас абалда унаа башкаруунун кесепетинен адам каза болгон жол кырсыгы катталса, күнөөлүү адам 10 жылга чейин эркинен ажыратылып, 12 жылга чейин транспорт каражатын башкаруу укугунан ажыратылышы мүмкүн.

ИИМдин маалыматына ылайык, өлкөдө адам өмүрүн алган эң оор жол кырсыктарынын негизги себептери катары мас абалда унаа башкаруу, каршы тилкеге чыгуу жана белгиленген ылдамдыкты ашыруу саналат.

242