7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Нарындагы бала бакчага күн энергиясы менен иштеген заманбап жылуулук системасы орнотулду

11

Нарын шаарындагы «Ата-Түрк» балдар бакчасына алгачкы жолу күн энергиясынын негизинде иштеген заманбап жылуулук системасы орнотулду. Бул тууралуу президенттин Нарын облусундагы өкүлчүлүгү билдирди.

Маалыматка ылайык, жаңы система облус башчысы Нурбек Сатаровдун демилгеси менен ишке ашырылды.

Долбоордун алкагында күндөн алынган электр энергиясы имаратты жылытууга, салкындатууга жана башка чарбалык муктаждыктарга пайдаланылат. Мындай технология электр энергиясын үнөмдөөгө, эксплуатациялык чыгымдарды кыскартууга жана энергетикалык ресурстарды сарамжалдуу пайдаланууга мүмкүндүк берет.

Ошондой эле бул тажрыйбаны келечекте башка мамлекеттик социалдык мекемелерге жана жеке турак жайларга да жайылтуу мүмкүнчүлүгү каралууда.

12