7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ысык-Көлдө дүйнөлүк суудагы «Формула-1» жарышы 31-июлда башталат

10

Ысык-Көлдө 31-июлдан 2-августка чейин эл аралык суу-мотордук UIM F1H2O дүйнө чемпионатынын Кыргызстан Гран-приси өтөт. Бул Борбор Азияда алгачкы жолу уюштурулуп жаткан дүйнөлүк деңгээлдеги мелдеш болот.

Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин маалыматына ылайык, жарышка дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнөн 25 спортчу катышат. Мелдеш түз эфирде 100 өлкөгө көрсөтүлүп, аны көрүү үчүн Кыргызстанга 10 миңге жакын турист келери күтүлүүдө. Ал эми дүйнө жүзү боюнча Formula 1 H2O мелдешинин 800 миллионго жакын күйөрманы бар.

Чемпионатка байланыштуу Ысык-Көл облусунун күңгөй жээгинде 30-июлдан 2-августка чейин жол кыймылына убактылуу чектөөлөр киргизилет.

Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн маалыматына ылайык, Балыкчы — Ананьево- Каракол унаа жолунун айрым тилкелери мезгил-мезгили менен жабылып турат. Бул Бает айылында өтө турган Formula 1 H2O -Issyk-Kul 2026 дүйнө чемпионатынын Кыргызстан Гран-присине байланыштуу.

Буга байланыштуу айдоочуларга зарылчылык болбосо алыскы жолго чыкпай туруусу сунушталат. Өзгөчө жүк ташуучу унаалар, айыл чарба техникалары жана башка ири габариттүү транспорт каражаттары үчүн убактылуу чектөөлөр жаралышы мүмкүн.

Белгилей кетсек, Ысык-Көл Formula 1 H2O дүйнө чемпионатынын этабын өз тарыхында биринчи жолу кабыл алып, Борбор Азиядагы мындай деңгээлдеги мелдеш өткөн алгачкы аймак болуп калат.

11