7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жыл башынан бери 5200 ишеним телефонуна зомбулук боюнча 3,4 миңден ашык кайрылуу түштү

138

2026-жылдын башынан бери 5200 ишеним телефонуна үй-бүлөлүк жана башка зомбулук фактылары боюнча 3 миң 480 кайрылуу түшкөн. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.

Министрликтин маалыматына ылайык, ишеним телефонунун адистери жарандардын кайрылууларын кабыл алып, психологиялык, социалдык жана укуктук кеңеш беришет. Зарыл болгон учурда кайрылгандар мамлекеттик органдарга жана адистештирилген мекемелерге багытталат.

Алты айдын жыйынтыгы боюнча түшкөн кайрылуулардын ичинен 335и физикалык зомбулукка, 1513ү психологиялык зомбулукка, 142си куугунтуктоого, ал эми 251и экономикалык зомбулукка байланыштуу болгон.

Мындан тышкары, 1309 жаран юридикалык жардам алууга багытталып, 1302 адамга психологиялык колдоо көрсөтүлгөн.

Министрлик жарандарды үй-бүлөлүк зомбулук фактыларын жашырбоого жана укуктары бузулган учурда өз убагында жардам сурап кайрылууга чакырат. Мекеме белгилегендей, ар бир кайрылуу өз убагында жардам көрсөтүүгө жана оор кесепеттердин алдын алууга өбөлгө түзөт.

Эске салсак, оор турмуштук кырдаалга кабылган жарандар үчүн 5200 ишеним телефону күнү-түнү иштеп, акысыз психологиялык, укуктук жана маалыматтык жардам көрсөтөт.

139