7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жусуп Абдрахманов тууралуу тарыхый тасма тартылды

188

Төлөмүш Океев атындагы «Кыргызфильм» улуттук киностудиясы кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн негиздөөчүлөрүнүн бири, мамлекеттик ишмер Жусуп Абдрахманов тууралуу «Жусуп» аттуу толук метраждуу тарыхый-драмалык тасманы тартты.

Маданият министрлигинин маалыматына ылайык, фильмде XX кылымдын биринчи жарымындагы окуялар, Жусуп Абдрахмановдун кыргыз мамлекетин түптөөдөгү орду жана элине жасаган кызматы чагылдырылат.

Тарыхый доорду берүү үчүн тасма Кыргызстан, Россия, Казакстан жана Өзбекстандын аймактарында тартылган. Фильмдин режиссёру -Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген маданият ишмери Таалайбек Кулмендеев.

Тасманын улуттук бет ачары 2026-жылдын 25-августунда өтөт. Ал Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына, Кыргыз АССРинин түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына жана Жусуп Абдрахмановдун 125 жылдыгына арналат.

189