7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстандын окуучулары көзү азиздер үчүн EyeSens «акылдуу» көз айнегин иштеп чыгышты

157

Бишкектеги жогорку класстын окуучулары көрүүсү начар жана көрбөгөн адамдар үчүн EyeSens аттуу «акылдуу» көз айнек иштеп чыгышты. Долбоор Борбордук Азиядагы Америка университетинин TIFE программасынын алкагында даярдалып, Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешевге тааныштырылды.

Иштелме күнүмдүк колдонулган ак таякчалар толук чече албаган көйгөйлөрдү эске алуу менен түзүлгөн. Көз айнекке орнотулган камера айлана-чөйрөдөгү маалыматты смартфонго өткөрүп, жасалма интеллект аркылуу иштетет. Үн ассистенти колдонуучуга керектүү маалыматты жеткирип, башкаруу үн буйруктары менен жүргүзүлөт.

Учурдагы прототип объекттерди таануу, айлана-чөйрөнү сүрөттөө жана орус, англис тилдериндеги тексттерди окуу мүмкүнчүлүгүнө ээ. Айрым функциялары интернетсиз да иштейт.

Иштеп чыгуучулардын айтымында, EyeSens чет өлкөлүк аналогдорго салыштырмалуу кошумча жабдууларды талап кылбайт жана баасы жеткиликтүү.

Долбоордун авторлору- Байаман Ажимырзаев, Канат Тынчтыкбеков, Аманат Эрмаматов жана Султанмурат Эркинбеков. Команданын куратору — Ботокөз Сооронбаева.

158