7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Орусия Павел Дуровго сыртынан айып тагылганын билдирди

207

Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы (ФСБ) Telegram мессенжеринин негиздөөчүлөрүнүн бири Павел Дуровго террорчулук ишмердүүлүккө көмөктөшкөн деген айып сыртынан тагылганын билдирди.

ФСБнын маалыматына ылайык, чет өлкөдө жүргөн Дуровго эл аралык издөө жарыялоо жараяны башталган. Орус бийлиги Telegram украин атайын кызматтары жана террордук, экстремисттик деп таанылган уюмдар колдонгон айрым каналдарды жана чаттарды өчүргөн эмес деп эсептейт.

Маалым болгондой, бул иш боюнча тергөө быйыл февралда эле башталган. Ошол эле учурда Роскомнадзор Telegram’га карата чектөө чараларын күчөтүп жатат, бирок мессенжер расмий түрдө бөгөттөлгөн ресурстардын тизмесине киргизиле элек.

Павел Дуров ФСБнын акыркы билдирүүсүнө азырынча комментарий бере элек.

208