7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Курсантбек Өмүрбеков энергетика министринин биринчи орун басары болду

20

Өмүрбеков Курсантбек Анарбекович энергетика министринин биринчи орун басары болуп дайындалды.

Тиешелүү тескемеге министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.

Өмүрбеков Курсантбек Анарбекович эки жогорку билимге ээ:

  • 2003-2008-жылдары — И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетин аяктаган, адистиги — «Инженер-энергетик»;
  • 2022-2024-жылдары — Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин «Менеджмент» багыты боюнча магистратурасын аяктаган.

Курсантбек Өмүрбеков энергетика тармагында 20 жылга жакын эмгектенип келет. Бул мезгил аралыгында мамлекеттик башкаруу системасында жана энергетика тармагынын өндүрүштүк багытында бир катар жооптуу кызматтарды аркалаган.

2022-жылы Энергетика министрлигине караштуу Энергетикалык көзөмөл кызматынын жетекчиси болуп иштеген. 2024-2025 жылдары энергетика министринин орун басары кызматын аркалап, кийинчерээк министрдин биринчи орун басары болуп дайындалган. 2025-жылы «Электр станциялары» ААКтын башкы директору кызматын аркалаган.

21