7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте узак жылдан бери бүтпөй жаткан эки курулуш объектисине бир айлык мөөнөт берилди

17

Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев курулушу көп жылдан бери аяктай элек эки объектте көчмө текшерүү жүргүзүп, курулуш иштерин жандандырууга бир айлык мөөнөт берди.

Муниципалитеттин маалыматына караганда, алгач калаа башчысы Орозбеков көчөсүндөгү Ala Tower көп функционалдуу борборунун курулушу менен таанышты. «Шаако Строй» ЖЧКсы куруп жаткан төрт деңгээлдүү унаа токтотуучу жайы бар объекттин курулушу 2024-жылы башталган.

Шаар мэри курулуш иштерин токтоосуз жандандырууну талап кылып, бир айдын ичинде реалдуу жылыш болбосо, келишимди мыйзамда каралган тартипте бузуу маселесин кароону тиешелүү кызматтарга тапшырды.

Андан соң Айбек Джунушалиев Байтик Баатыр көчөсүндөгү 60, 62 жана 64-даректерде жайгашкан көп кабаттуу турак жайлардын курулушун текшерди. «Мастер Групп» ЖЧКсы ишке ашырып жаткан бул объекттин курулушу 2014-жылы башталганына карабастан, азыркыга чейин бүткөрүлгөн эмес.

Текшерүүнүн жыйынтыгында бул объект боюнча да курулуш иштерин жандандыруу үчүн бир айлык мөөнөт белгиленди.

Ошондой эле Биринчи май районунун акимине тиешелүү шаардык кызматтар менен биргеликте кырдаалды өзгөчө көзөмөлгө алуу тапшырылды. Эгерде коюлган талаптар аткарылбаса, мыйзамда каралган чаралар көрүлүп, анын ичинде объектти мамлекеттик менчикке өткөрүп берүү мүмкүнчүлүгү да каралары айтылды.

18