7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстан Өзбекстандан эки айылды өткөрүп алууну баштады

13

Өзбекстандан Чоң-Гара жана Таш-Төбө айылдарын расмий өткөрүп алуу иштери башталды. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү маалымат таратты.

Билдирүүгө ылайык, эки мамлекеттин чек арасын демаркациялоо боюнча жетишилген макулдашуулардын алкагында жер аянттарын алмашууга байланышкан уюштуруучулук-техникалык иштер башталган. Анын алкагында эки өлкөнүн биргелешкен жумушчу комиссиясы иш алып барууда.

Учурда айылдарда каттоо иштери жүргүзүлүп жатат. Кийинки этапта жашоочуларга Кыргызстандын жарандыгын берүү боюнча тиешелүү мыйзамдарда каралган жол-жоболор ишке ашырылат.

Белгилей кетсек, мамлекеттик чек араны демаркациялоо иштеринин жүрүшүндө мурда Өзбекстандын Фергана облусуна караштуу болгон Чоң-Гара жана Таш-Төбө айылдары Кыргызстанга өткөрүлгөн. Бул айылдарда негизинен этникалык кыргыздар жашайт. Аталган эки айылдын ордуна кыргыз тарап Өзбекстанган мамлекеттик чек ара тилкесинен эквиваленттүү (теңме-тең) жер аянтын өткөрүп берүүнү макулдашкан.

14