7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ошто каналга агып кеткен 2 жашар наристенин сөөгү табылды

190

Ошто Увам каналына агып кеткен эки жаштагы кыздын сөөгү табылды. Бул тууралуу  Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, кыздын сөөгүн суудан 3-август күнү саат 10:50 чамасында алып чыгышкан. Аны туугандары байкап, куткаруучулар наристенин сөөгүн атасына өткөрүп беришкен.

Эске салсак, 2-августта Увам каналына 2024-жылы туулган бөбөк түшүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн. Куткаруу иштерине ӨКМдин Ош шаары боюнча башкармалыгынан 106 куткаруучу, ИИМден 40 кызматкер жана кыздын 30 жакыны, баш-аягы 176 адам чыккан.

191