7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Үйлөнбөйсүңбү деп көп айтчумун» Чек арада Нарындын кулуну каза болду

15964

Коомдук ишмер, Билим берүү жана илим министринин кеңешчиси Замир Айылчиев кыргыз-тажик чек арасында октон улам көз жумган аскерге арнап ыр чыгарды.

Анын айтымында, маркум Эсентур Кубанычбек уулу 30 жашта, жана үй-бүлө кура элек болчу.

«Өмүрүңдү мекенге арнадың Эсен,
Өлкөң үчүн өрнөктүү жашадың Эсен,
Өрттөй болуп өлкөңө күйүп жанып,
Өз өлкөңдүн тарыхында калдың Эсен.

Жаткан жериң жайлуу болсун. Сени эстеп ыр жазам деп ойлогон эмесмин. Мыктынын мыктысы элең. Пикирлеш элек. Билесиңби, үйлөнбөйсүңбү деп тамашалап көп айтчумун. Жашоонун тузун татпадың. Сени тирүү кезиңде эле баалачумун», — деп жазган ал.

Белгилей кетсек, Кыргыз-Тажик чек арасындагы жаңжалдан 1991-жылы туулган аскер Эсентур Кубанычбек уулу каза болду. Ал Нарындын Ат-Башы районуна караштуу Ак-Муз айылында 1991-жылы туулган.

Маалыматка ылайык, Эсентур Кубанычбек уулу Д.Асанов атындагы аскердик лицейин бүтүрүп, андан кийин Орусиядан билимин жогорулатып келген.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

15965