Буга чейин Айыл чарба министри Эрлист Акунбеков журналист Ыдырыс Исаковду дебатка чакырганын айткан эле.
Эми Ыдырыс Исаков министрдин дебатка чакыруусун кабыл алганын билдирди.
Ал ачык форматта пикир алышууга даяр экенин айтып, айыл чарба тармагындагы көйгөйлөр, жүргүзүлүп жаткан иштер жана министрликтин ишмердүүлүгү боюнча талкуу болорун белгиледи.
Дебаттын качан жана кайда өтөрү тууралуу маалымат азырынча айтыла элек.



