7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Өзгөндө талапка жооп бербеген эски мал союучу жай жабылды

16

Өзгөн районунда эски мал союучу жай жабылып, мал союу жаңы жайга көчүрүлдү. Бул тууралуу суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди.

Буга чейин интернет булактарында Өзгөндөгү мал союучу жайдан чыккан кандын калдыктары каналга төгүлүп жатканы тууралуу маалымат тараган. Бул фактыны текшерүү максатында Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматынын инспекторлору жеринде текшерүү иштерин жүргүзүшкөн.

«Текшерүүнүн жыйынтыгында Баш-Дөбө айыл аймагында жайгашкан эски мал союучу жайдын септики толуп кеткендиктен, калдыктар сыртка агып кеткени аныкталган. Натыйжада аталган эски мал союучу жайдын иши токтотулуп, имарат жабылды»,-деп айтылат маалыматта.

17