7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров 8-9-октябрда иш сапар менен Түркмөнстанга барат

3

Мамлекет башчысы Садыр Жапаров Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедовдун чакыруусу боюнча Түркмөнбашы шаарында өтө турган Борбордук Азия мамлекеттеринин жана Азербайжан Республикасынын мамлекет башчыларынын Консультативдик жолугушуусунун сегизинчи жыйынына, ошондой эле КМШга мүчө мамлекеттердин башчыларынын кезектеги Кеңешинин жыйынына катышат.

8-октябрда Консультативдик жолугушуунун алкагында өлкө лидерлери аймактык өз ара аракеттенүүнүн актуалдуу маселелерин, саясий диалогду мындан ары чыңдоону, соода-экономикалык жана транспорттук-логистикалык кызматташтыкты кеңейтүүнү, ошондой эле энергетика жана экология тармактарындагы өз ара аракеттенүүнү талкуулашат.

9-октябрда Президент Садыр Жапаров Түркмөнстан Республикасынын төрагалыгы алдында өтө турган КМШга мүчө мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин жыйынына катышат.

Мамлекет башчылары Шериктештиктин алкагындагы кызматташтыктын актуалдуу маселелерин жана көп тараптуу өз ара аракеттенүү механизмдерин мындан ары өркүндөтүүнү карашат.

4