2026-жылдын тогуз айында «Кумтөр Голд Компани» мамлекетке салыктар, дивиденддер жана башка милдеттүү төлөмдөр түрүндө 627 млн 824 миң АКШ долларын которду. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу эки эсе көп.
Үстүбүздөгү жылдын январь-сентябрь айларында компаниянын жалпы кирешеси 1 млрд 12,8 млн долларды түздү. Бул 2025-жылдын ушул мезгилиндеги көрсөткүчтөн дээрлик 38 пайызга жогору.
Ал эми компаниянын таза пайдасы 548,4 млн долларга жетип, өткөн жылга салыштырмалуу 71 пайызга өстү.
Мындан тышкары, тогуз айда бюджетке салыктар жана башка милдеттүү төлөмдөр катары 277,8 млн доллар которулду. Бул өткөн жылдын ушул мезгилиндеги көрсөткүчтөн дээрлик 74 пайызга көп.



