7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президент инисинин аты аталган инвестор боюнча маселеге чекит койду

2

Ысык-Көл облусунда Президент Садыр Жапаров жергиликтүү тургундар менен жолугушуп жатканда Кубат Алымбеков аттуу жаран жеке кабыл алууну өтүнгөн. Мамлекет башчысы маселесин эл алдында ачык айтууну сунуштаганда, ал Президенттин иниси Аскарбектин атын атаган эле.

Кийинчерээк Кубат Алымбеков ошол жолугушууда маселесин толук айтып бере албай калганын интернет аркылуу билдирген.

Буга байланыштуу Президент Садыр Жапаров бүгүн Кубат Алымбековду жана россиялык инвестор Дмитрий Ребусту жубайы Екатерина Ребус менен бирге кабыл алды.

Жолугушууда Дмитрий Ребус Ысык-Көлдүн жээгинде пансионат куруу үчүн Кубат Алымбеков чакырганын айтты.

Дмитрий Ребус 15 миллион долларга пансионат курганын далилдеп, бирок кийин уюшкан кылмыштуу топтор тартып алып, өзүн өлкөдөн кууп чыгышып, “экинчи бул жака келсең жок кылып коёбуз” дешкенин айтып берди.

Кубат Алымбеков инвестициялык долбоорго жер тилкесин же жеке каражатынан бир сом да салбаганын өзү да мойнуна алды. Мындан сырткары курулушту аткарган фирмалардын жетекчилери уюшкан кылмыштуу топко тиешеси бар адамдар экенин да тастыктады.

Бирок Кубат Алымбеков инвестициялык долбоордон “Дмитрий Ребус мага үлүш берем деп бербей кеткен” деген дооматын айтты.

Инвестор мындай үлүш берүү боюнча эч кандай келишим же макулдашуу болбогонун белгиледи жана “Кубат Алымбеков бир сом салбаса кантип үлүш берем демек элем” деди.

Маселени чечүү үчүн Дмитрий Ребус 2023-жылы Президенттин иниси аркылуу Мамлекет башчысына кайрылганын билдирди. Кийин мүлктөрү кайтарылып, учурда ишмердүүлүгүн улантып жатышканын айтты.

Жолугушуунун жыйынтыгында Президент Садыр Жапаров тиешелүү мамлекеттик органдарга тараптардын жүйөлөрүн, финансылык милдеттенмелердин аткарылышын, уюшкан кылмыштуу тобунун аралашканын жана үлүш боюнча айтылган дооматтардын документтерин дагы бир жолу кылдат, калыс териштирип, жыйынтыгы боюнча кошумча маалымат берүүнү тапшырды.

3