7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Таштанды заводу бир жылда 187 млн кВт/саат электр энергиясын өндүрдү

12

Бишкектеги катуу тиричилик калдыктарын кайра иштетип, электр энергиясын өндүргөн экотехнологиялык завод бир жыл ичинде 401 миң тоннадан ашык таштанды кабыл алды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, заводдун аймагына таштандылар алгач 2025-жылдын ноябрь айында жеткирилген. Ишкананын расмий ачылышы ошол эле жылдын 27-декабрында өткөн.

«2025-жылдын ноябрынан 2026-жылдын ноябрына чейин заводго жалпы 401 479 тонна таштанды жеткирилип, 187,8 млн кВт/саат электр энергиясы өндүрүлгөн», — деп айтылат маалыматта.

Учурда ишкана суткасына 1 000-1 200 тонна таштандыны кайра иштетип, 30 МВтка чейин электр энергиясын өндүрүүгө жөндөмдүү.

Долбоордун кийинки этабында экинчи заводду куруу пландалууда. Жаңы ишкана суткасына кошумча 2 миң тоннага чейин таштандыны кайра иштетип, 60 МВт электр энергиясын өндүрүүгө мүмкүндүк берет.

Бул демилге таштандыларды полигонго көмүүнүн көлөмүн азайтууга, кайра иштетүү мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө жана айлана-чөйрөгө келтирилген жүктү төмөндөтүүгө багытталган.

13