7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

#Баткеним_менин. Баткен облусунда 47 ыкчам-тергөө тобу иштеп жатат

568

4-майга карата Баткен облусунун бардык райондорунда жана айылдарында, мамлекеттик чек арасынын кыргыз-тажик тилкесинде кырдаал туруктуу. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бул аралыкта чек арага чектеш аймактарда түнкүсүн ок атышуулар менен башка окуялар катталган жок. Чек арага жакын айылдардагы коопсуздукту милиция кызматкерлери ички аскерлер жана башка күч түзүмдөр менен биргеликте көзөмөлдөшүүдө.

Андан сырткары, Баткен облусунун Лейлек жана Баткен райондорунда бардык өрттөнгөн коомдук жайлар, ишканалар, имараттар, айрыкча жергиликтүү тургундардын талкаланган үйлөрү, уурдалган буюм тайымдар эсептелип такталууда. Келтирилген бардык чыгымдарды эсептөө жана иликтөө иштерин сапаттуу жүргүзүү максатында учурда аталган райондордо 47 ыкчам-тергөө тобу иштеп жатат.

“Тергөө топторуна жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн, энергетика министрлигинин, өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлдөрү дагы кирген. Чек ара тилкелеринде милициянын атайын кайгуул топтору күнү- түнү күчөтүлгөн режимде казмат өтөп, жергиликтүү тургундардын коопсуздугун ыктыярдуу элдик кошуундун мүчөлөрү менен биргеликте камсыздашууда”, — дейт министрдин орун басары Сүйүн Өмүрзаков.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

569