7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жалал-Абадда чет өлкөдөн келип, мыйзамсыз жашап жаткандар текшерилүүдө

1849

11-16-май күндөрү Жалал-Абад облусунун аймагында коомдук тартипти көзөмөлдөө, кылмыштуулукка бөгөт коюу, жол кырсыктарынын алдын алуу максатындагы бир апталык «Режим» аталышындагы алдын алуу иш-чарасы жүрүүдө. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин Басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, рейддин алкагында түнкү эс алуу клубдарын, кафе-ресторандарды, компьютердик клубдарды, спирттик ичимдик ичип алып унаа башкаргандарды көзөмөлдөп, кайгулдоо багытында кызмат өтөшөт.

«Күндүзү базарлар, эл көп топтолуучу жайлар көзөмөлгө алынып, ИИОнун алдын алуу каттоосунда турган атуулдар менен иш алып барылат. Үй-бүлөлүк зомбулук жасагандар, милиция тарабынан ар түрдүү багыттар боюнча көзөмөлдө тургандар текшерилип, түшүндүрүү иштери жүргүзүлүлөт. Ошондой эле чет өлкөлөрдөн келип мыйзамсыз жашап жана иштеп жүргөндөр аныкталып, паспорттук эреже боюнча текшерилип жатат», — деп берилет маалыматта.

 

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1850