7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кызматтык милдеттерин аткарып жатып курман болгон аскерлер эскерилди

725

Жыл сайын 15-майда Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинде кызматтык милдеттерин аткарууда курман болгон кызматкерлерди эскерүү күнү белгиленет. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Бул күнү Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ички аскерлеринин колбашчылыгынын жана аскер бөлүктөрүнүн аймагында подполковник Ибрагим Кулбаев менен улук сержант Рашид Юнусовду эскеришти. Салтанаттуу иш-чарага Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички аскерлеринин колбашчысы полковник Исламбек Кенжекулов, өздүк курамы, ардагерлери жана курман болгон аскер кызматкерлердин туугандары катышышты.

Митингдин башталышында баардык катышуучулар “Баатырлар аллеясында” курман болгондордун эстеликтерине гул чамбар коюшуп аларды минуталык жымжырт кармап сый көрсөтүү менен эскеришти. Салтанаттуу иш чаранын уландысында катышуучуларга Ички аскерлеринин Колбашчысы, ардагерлери жана курман болгон аскер кызматкерлеринин туугандары чыгып сүйлөштү. “Мен аскердик милдеттерин аткарууда өз өмүрүн бергенбаатырларды өзгөчө сыйлоо менен эскерем. Алардын эрдигине таазим этип баш ийип эстеп жүрөбүз”, — деп белгиледи өз сөзүндө Ички аскерлеринин колбашчысы, полковник Исламбек Кенжекулов.

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

726