7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жогорку Кеңеш Кумтөрдү сырттан башкаруу сунушун жактырып, комиссиянын мөөнөтүн узартты

617

Бүгүн, 17-май Жогорку Кеңеш  Кумтөр боюнча атайын мамлекеттик комиссиянын  “Кумтөр Голд” ишканасына убактылуу тышкы башкаруу киргизүү сунушун жактырды. Түзүлгөн жагымсыз кырдаал эске алынып, Министрлер кабинетине «Кумтөр Голд» компаниясына убактылуу тышкы башкарууну киргизүү жана тышкы башкаруучуну дайындоо сунушу берилди.

Токтомдо Мамлекеттик комиссиянын “Кумтөр” алтын кенинин ишмердүүлүгүн иликтөө жыйынтыгы эске алынып, комиссиянын иштөө мөөнөтү дагы 3 айга узартылды.

Эске салсак, Жогорку Кеӊеш 2021-жылдын 17-февралында “Кумтөр” алтын кенинин ишмердүүлүгүн текшерүү боюнча убактылуу депутаттык комиссия түзгөн, андан кийин ал мамлекеттик комиссия болуп кайра түзүлгөн. Кенден жылына болжол менен 15-18 тонна алтын өндүрүлөт. «Центерра Голд» компаниясынын Директорлор кеӊешинин курамы 11 адамдан турса, кыргыз тараптан 3 гана өкүл болгон.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

618