7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Сокулукта 38 жаштагы жаран аялын сабап өлтүргөнү белгилүү болду

612

Сокулук районунун тургуну О.Н. кызганычтан улам аялын сабап өлтүрдү. Бул тууралуу Чүй облустук Ички иштер башкармалыгы билдирди.

Маалыматка караганда, кечээ, 17-майда болжол менен саат  23:20да Новопавловка айылындагы үйлөрдүн биринен аялдын сөөгү табылган. 28 жаштагы Ж.Э. аттуу келиндин денесинен ар кандай жаракаттар келтирилгени аныкталган.

Кылмышка шектелип келиндин 38 жаштагы күйөөсү кармалды. Милициянын билдирүүсүндө, үй-бүлөдө кызганычтан жаңжал чыгып, күйөөсү аялын сабап өлтүргөн.

Шектүү учурда Сокулук РИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

613