7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

2020-жылдын ноябрда, абактан тууганыңы чыгарып берем деп 5000 доллар алган жаран кармалды

871

Бишкекте түрмөдөн жакын адамын чыгарып берүүнү убада кылып, 5000 доллар алып, изин жашырып кеткен жаран колго түштү. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызаты маалымдайт.

2020-жылдын ноябрь айында Бишкек шаарынын тургуну Октябрь РИИБине кайрылып, чоң суммага алдап кеткен белгисиз жарандын үстүнөн арыз жазган. Анда, жакын тууганын абактан чыгарып берүүнү убада кылган жаран, 5000 доллар алган соң дайынсыз, изин жашырып кеткендиги айтылат. Жабырлануучу алданып калганын сезген соң арыз жазган.

Ыкчам иликтөөнүн жыйынтыгында кылмышка шектүү катары 1973-жылы туулган Нарын  облусунун тургуну М,А. кармалган.

Маалыматка ылайык ал уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары  ИИМдин ыкчам реестринде каттоодо турган. Криминалдык полиция кызматынын маалыматы боюнча, шектүү буга чейин бир нече жолу сот жообуна тартылган, анын ичинде адам уурдоо, мыйзамсыз түрмөгө отургузуу, пара талап кылуу жана курал-жарак сактоо бар.

Учурда иликтөо иштери жүрүп жатат. Кылмышка шериктеш башка шериктери бар-жок экендиги иликтенүүдө.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

872