7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте 15 млн. сомдук 5 жер тилке мыйзамсыз жактарга берилип кеткен

579

Бишкек шаарынын Ленин райондук прокуратурасы тарабынан “Ак-Өргө” жана “Арча-Бешик” жаңы конуштарында 15 019 880 сомду түзгөн 5 жер тилкелери мыйзамсыз жеке жактарга берилип кеткен фактылары аныкталган. Бул тууралуу Башкы прокуранын расмий сайтына жарыяланды.

Маалыматка ылайык, Ленин райондук мамлекеттик администрациясынын кызмат адамдары тарабынан жер мыйзамдарынын талаптарын бузуу менен баасы 11 922 880 сомду түзгөн 4 жер тилкелери, Бишкек шаарынын жолдорун кеңейтүүгө багытталган жер тилкелеринин эсебинен “Ак-Өргө” жаңы конушунда турак үй куруу үчүн мыйзамсыз түрдө жеке жактарга берилип кеткен.

Мындан сырткары, аталган райондук мамлекеттик администрациясынын кызмат адамдары “Арча-Бешик” жаңы конушундагы 754 орундуу мектептин курулушу үчүн бөлүнүп берилген жер тилкенин 3 097 000 сомго бааланган бир бөлүгүн жеке тарапка мыйсамсыз өткөрүп беришкен.

Жогорудагы жер тилкелерине мыйзамсыз берилген укук белгилөөчү документтерди жокко чыгаруу максатында, прокуратура тарабынан сот органдарына прокурордук чара көрүү актысы киргизилип, толук канааттандырылды.

Прокурордук текшерүүнүн жыйынтыгы менен баасы 15 019 880 сомду түзгөн 5 жер тилкелери мамлекеттин эсебине кайтарылды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

580