7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкек менен Чүйдө электр чубалгылары оңдолот

661

Бишкек шаарында жана Чүй облусунда күз-кыш мезгилине даярдык көрүүнүн алкагында электр чубалгыларынын 10 миңден ашык обочолоткучу алмаштырылат. Бул тууралуу ААКсынын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, обочолоткучтар электр чубалгысынын ажырагыс элементи болуп саналат. Алар зымдын тирөөчтөргө бекиген жерлерин сактап, чубалгыны туташып калуудан коргойт.

«Айнек бышык келип, температуранын кескин өзгөрүшүнө туруштук берет. Электр чубалгыларынын эски фарфор обочолоткучтары 1958-жылы, ал эми эң эле жаңылары 1980-жылы чыккан. Иштөө мөөнөтү 7-8 жылды түзгөндүктөн, алардын эксплуатациялык мөөнөтү мурда эле өткөн», — деди мекеменин Чүй филиалынын башкы инженери Улан Жумалиев.

Эскерте кетсек, обочолоткучтарды алмаштыруу боюнча иштер биринчи кезекте керектөөчүлөрдү электр энергиясы менен камсыздоонун сапатын жогорулатууга багытталган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

662