7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Өлкө башчы Азербайжан элин 28-май Республиканын улуттук майрамы менен куттуктады

628

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 28-майда, Азербайжандын президенти Ильхам Алиевди Кыргызстан элинин жана жеке өзүнүн атынан Азербайжан Республикасынын улуттук майрамы — Азербайжан Республикасынын күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

«Оболу мен боордош Азербайжандын социалдык-экономикалык жана илимий-техникалык өнүгүүсүндөгү олуттуу ийгиликтерин, ошондой эле өлкөнүн дүйнөлүк аренадагы татыктуу кадыр-баркын, региондук жана эл аралык иштердеги маанилүү конструктивдүү ролун өзгөчө белгилегим келет.

Кыргызстан менен Азербайжандын ортосунда жетишилген кызматташтыктын бийик деңгээлин жогору баалайбыз жана аларды мындан ары чыңдоого, биргелешкен иш-аракеттерди тереңдетүүгө үмүт артабыз. Эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыктын учурдагы динамикасы кыргыз-азербайжан мамилелеринин ар кандай багыттагы потенциалын кеңири ачууга өбөлгө түзөт деп ишенем», — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Садыр Жапаров Ильхам Алиевге чың ден соолук, бакубатчылык жана жаңы жетишкендиктерди, ал эми боордош Азербайжан элине өнүгүү жана тынчтык каалады.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

629