7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жалал-Абад шаарынын мэрине жалгыз талапкер Эрнисбек Ормоков бир добуштан колдоого алынды

810

Бүгүн, 7-июнда Жалал-Абад шаардык кеңешинин сессияга чогулуп, Жалал-Абад шаарынын мэрин шайлашты. Сессияга 31 депутаттын 29у катышып, шаардын мэрлик кызматына жалгыз талапкер Эрнисбек Ормоковду бир добуштан колдоп беришти.

Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.  Маалыматка ылайык, сессиянын күн тартибинде  шайлоо жана мекеме ишканалардын жетекчилерин дайындоо киргизилген.

Белгилей кетсек, Эрнисбек Ормоков Жалал-Абад шаардык кеңешинин үч чакырылышында депутат болуп, бир топ убакыт шаардык кеңешке төрагалык кылган. Ал өткөн жылдын октябрь айынан бери Жалал-Абад шаарынын мэрлик кызматын аркалап келүүдө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

811