7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Дагы тогуз өлкөнүн жарандарын Кыргызстанга визасыз киргизүү сунушталды

624

Бүгүн, жыйында  айрым мамлекеттердин жарандары үчүн 60 күнгө чейинки мөөнөткө визасыз режим киргизүү жөнүндө каралды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жыйында белгилүү болгондой мыйзам долбоордун негизги максаты КРнын туристтик жагымдуулугун арттыруу, ошондой эле өлкөнүн чет өлкөлөрдөгү туристтик имиджин жакшыртуу экенин белгилеп, 60 күнгө чейинки мөөнөткө  визасыз киргенге уруксат берилген өлкөлөрдүн тизмесине кошумча тогуз өлкөнү кошуу менен кеңейтүү сунушталды.

Алар:

  • Албания Республикасы,
  • Болгария Республикасы,
  • Вьетнам Социалисттик Республикасы,
  • Израиль Мамлекети,
  • Кипр Республикасы,
  • Түндүк Македония Республикасы,
  • Румыния Республикасы,
  • Таиланд Королдугу,
  • Мексикалык Кошмо Штаттары.

Талкуудан соң мыйзам долбоору үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

625