7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Туркиялыктарга мыйзамсыз жарандык берүүгө шектелип Эрнист Апилов кармалды

1792

Президенттин алдындагы жарандык боюнча комиссиянын мурдагы жооптуу катчысы Эрнист Апилов кармалды. Бул тууралуу  бүгүн, 16-июлда Бишкек ШИИББдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Апиловго Бишкек ШИИББи Түркиянын жарандарына Кыргызстандын жарандыгын мыйзамсыз берүү фактысы боюнча Жазык кодексинин 319-беренеси (Коррупция) менен иш козголуп, сотко чейинки өндүрүш ишин башталган.

Апилов Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына камакка алынып, аталган кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо уланууда. 

Апилов 2015-жылы январь айында Президенттин алдындагы жарандык боюнча комиссиянын жооптуу катчысы кызматына дайындалган. 2019-жылы ноябрь айында өзү жазган арыздын негизинде кызматынан бошотулган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1793