Президенттин алдындагы жарандык боюнча комиссиянын мурдагы жооптуу катчысы Эрнист Апилов кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 16-июлда Бишкек ШИИББдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Апиловго Бишкек ШИИББи Түркиянын жарандарына Кыргызстандын жарандыгын мыйзамсыз берүү фактысы боюнча Жазык кодексинин 319-беренеси (Коррупция) менен иш козголуп, сотко чейинки өндүрүш ишин башталган.
Апилов Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына камакка алынып, аталган кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо уланууда.
Апилов 2015-жылы январь айында Президенттин алдындагы жарандык боюнча комиссиянын жооптуу катчысы кызматына дайындалган. 2019-жылы ноябрь айында өзү жазган арыздын негизинде кызматынан бошотулган.