Ошто катуу жааган жамгырдын кесепетинен сел кетип Ош-Папан-Кожокелең унаа жолу убактылуу жабылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, кечээ, 15-июлда саат 19:30 чамасында Ош облусунун Кара-Суу районунда каттуу жааган жаандын кесепетинен сел жүрүп, Ош-Папан-Кожокелең унаа жолунун 45-48-чакырымдарын каптаган. Учурда унаа жол жабылып, тазалоо иштерин жүргүзүүгө 1 экскаватор тартылган.
ӨКМ берген маалыматка ылайык кечээ жааган жамгырдын кесепетинен Ош—Сары-Таш—Эркечтам унаа жолу да селден улам кечки 20:00 чамасында жабылган болчу.
Бирок, бүгүн, 16-июлга карай унаа жол толук тазаланып, каттамга уруксат берилди.
Алай районунда катуу жааган жаандын кесепетинен, Кара-Булак айылында жайгашкан 3 турак үйдүн короосуна сел суусу кирген.
Ош—Сары-Таш—Эркечтам унаа жолун жана турак суу каптаган турак үйлөрдү тазалоо иштерине ӨКМдин Алай райондук бөлүмүнүн 5 куткаруучудан турган ыкчам тобу, 1 грейдер, 3 жүктөгүч, 1 самосвал тартылып, саат 23:40та унаа жолу толук тазаланып ачылган.